Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарына баруу коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ажылык сапар тууралуу өткөн маалымат жыйында Жоробай ажы Шергазиев айтты.
Анын айтуусуна караганда, Өзбекстанда ажылыкка баруунун баасы 4 миң 700 доллар, Казакстанда 4 миң доллар, Тажикстанда 3 миң 650 доллар.
"Ажылык иштери 2017-жылдан тартып толугу менен электрондук системага өткөн. Аны уюштуруу боюнча жыл сайын мекеме аралык комиссия түзүлүп, курамына муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ИИМ, УКМК, Транспорт жана жол, Саламаттыкты сактоо, Тышкы иштер министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү кирет", - дейт Шергазиев.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ажылыктын баасы 2 миң 760 доллар болгон. Ал эми быйылкы ажылык сапардын баасы 2 миң 890 долларга бааланган. Бул былтыркыдан 130 долларга кымбат. Ошондой эле Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5 миң 400 квота бөлгөнүн Жоробай ажы Шергазиев кошумчалады.
Зыяратчылар ажылыкка 25-июлдан баштап 7-августка чейин барышат. Ал эми биринчи сапар алгандар 27-августтан тартып кайтып келе башташат.