Рак илдетинен улам бир көзүнөн, жаагынан, эрининен жана мурдунун бир бөлүгүнөн ажыраган Баатыр Баназаровдун бүгүнкү абалы

Рак илдетинен улам бир көзүнөн, бир жак жаагынан, эрининен жана мурдунун бир бөлүгүнөн ажыраган Баатыр Баназаров учурда Жалал-Абадда химиялык терапиядан өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баназаровдун дарылануусун колго алган дарыгер Азамат Кошалиев маалымдады.

Анын айтымында, Баназаров Жалал-Абадда дарылануусун июнь айына чейин улантып, кийин кайра Бишкекке келет.

"Келгенден кийин кайрадан толук текшерүүлөрдөн өткөрөбүз. Эгер анализдери жакшы чыкса, анда пластикалык операция жасоо керек. Учурда мен хирургдар менен операция жасаса болобу деген маселе боюнча сүйлөшүп жатам. Буга чейин топтолгон акчадан азыраак калган эле, ошол каражатка химиялык дарылоого керек болгон дары-дармегин айына 2 жолу жөнөтүп турам. Мындан тышкары алдыда тапшыра турган анализдерине, пластикалык операциясына акча керек деп көптөгөн ишкерлерге кайрылып жатам. Тилекке каршы, азырынча жакшы жооп боло элек. Бирок үмүт үзбөйбүз, Баатыр ага менен апасынын көңүлүн чөктүрбөйүн деп азырынча жардам колун сунгандар дээрлик жок болуп жатканын айткан жокмун", - деди Кошалиев.

Ошондой эле дарыгер Бишкектеги хирургдар пластикалык операция жасай алабы же жокпу азырынча белгисиз экенин айтты. Мындан тышкары ал Баатыр Баназаров менен Индияда чогуу өткөргөн күндөргө токтоло кетти.

"Баатыр ага атына заты жарашкан чынында баатыр жигит экен. Канчалык жаны ооруп турса да сыртка чыгарбоого аракет кылат. Анын денеси гана эмес, көңүлү да ооруп жүрөт, моралдык жактан абдан оор экенин Индияда айтып отурду. "Мен да эл катары өзүм иштегим келет, үйлөнүп, үй-бүлө күткүм келет" деген тилектерин билдирип, кучакташып алып ыйлаган күндөрүбүз болду. Мен анын ой-максаттарына жетүүсүн каалайм, эгер боорукер адамдардан дагы каражат топтолуп калса жараткандын ыраазычылыгы үчүн кайра эле чет өлкөгө алып барып келмекмин", - деди ал.

Ал эми бейтаптын апасы Саткын Баназарова учурда уулун өзү карап жатканын, абалында мурдагыга караганда бир топ өзгөрүүлөр бар экенин айтты.

"Чынында жаагы жакшы эле болуп калды, рак клеткаларын тоңдурган экен, мурункудай оору жок. Дарыгер 1 жумада 2 жолу чалып, абалын сурап, дарылоо ыкмаларын айтып турат. Өзү да Индияга барып келгенине кубанып калды. Болгону кулагынын артынан кан акканы токтобой кыйнап жатат. Кулагынын артынан кан акканда табити да жоголуп, түнү да уктай албай чыгат. Эми жакында Бишкекке барсак муну да Азамат карайт чыгар", - деди Баназарова.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери: 0773 679 822, дарыгер Азамат Кошалиевдин байланыш номери: 0700-106-047.

Буга чейин маалымдалгандай, Баатыр Баназаров 12 жылдан бери рак илдети менен алышып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Edward.14
2018-05-16 13:58:08
Аллахым шыпаасын берсин,айыгып кетиңиз Баатыр байке.
+42
BekAmir
2018-05-16 15:20:50
Азамат ишинерди Алла колдоп шыпаа берсин.
+24
Pandora
2018-05-16 18:22:09
Кудайым колдоп боорукер инсандардан акса чогулуп калгыдай эле...
+17
kutman-kg94
2018-05-16 19:34:07
Шыпасын берсин омин
+13
Gulnyr19
2018-05-16 22:08:06
Алла шыпаасын берсин колуңардан келгендер жардамыңарды аябагыла алдыда мына ыйык Рамазан айы турат сооп иштерди жасайлы
+12
Jaziko80
2018-05-17 02:09:33
Ооо Аллахым озун боорукерсин. Баардык мактоолор сага болсун. Ылаайым озун шыпаа бер. Аллах
+9
Matahara1980
2018-05-17 13:52:03
Кыргызстанда канчалаган чириген байлар бар ошолордон жардам болуп калар, ушундай муктаждарга эмне учун государство жардам бербейт
+1
Bektur.osh
2018-05-18 16:02:11
Аллага аманат!
0
jaskaaa
2018-05-22 03:30:27
Баатыр байке жакшы болуп эл катары үйлөнүп ,бала күтүп бактылуу узак өмүрдө жашарынызды жараткандан чын дилимден сурайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан