Президент коррупционерлерден өндүрүлгөн акчаны сактоо үчүн өзүнчө банктык эсеп ачууну тапшырды


Мындан ары коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары атайын банктык эсепке сакталат. Бул тууралуу президенттик апараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков берген.

"Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан тергөөдө кайтарылган жана соттун өкүмүн аткарууда өндүрүлгөн акча каражаттарын сактоо жана колдонуу үчүн банктан эсеп ачууга тапшырма берди.

Берилген тапшырманы аткаруу үчүн президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачуу маселелери талкууланды. Андан соң өкмөткө банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2018-05-16 18:18:51
Жегендерди кустуруп кытайдын карызын бергиле.
+15
tina-Tin
2018-05-16 18:36:20
Туура кылыптыр. Эми ошол акчаны дагы жеп койбой карыздарга бергиле.
+11
Bazake
2018-05-16 18:59:08
Атамбаев акыркы 6 жылда ХХХХХХХХХХ Ошонун баарын мамлекетке кайтарыш керек.Президентти колдойбуз. Ошол фондго АШАнын ууруларынын баарысынын акчасын кагып алыш керек
+7
amirrus
2018-05-16 19:24:55
Крассавчик жакшы жоролго
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан