Бишкектин борбордук аянтына тигилген гүлдөр уурдалып жатат. Бул тууралуу "Тазалык" жана "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" жана Жеңиш аянтынан бүгүнкү күнгө чейин 500гө жакын гүл уурдалган.
"Бүгүн, Жеңиш аянтында идиштерге отургузулган гүлдөрдөн уурдалды. Биздин эсептегенибиз боюнча 11 идиштен 121 "Сальвия" гүлү уурдалган. Быйыл аталган аянтка 50 миңден ашуун ар кандай түрдөгү гүл тигилген. Ал эми атайын идиштерге 300 гүл тигилген", - деп билдирди маалымат катчы.
Ушундай эле көрүнүш "Ала-Тоо" аянтында катталып жатканын басма сөз кызматынан кабарлады. Алардын айтымында, жакынкы күндөрү аянттан 350дөн ашуун гүлдүн ар кандай түрлөрү уурдалган. Мындан улам "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын мындай кадамдарды жасабоого чакырат.