Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпка жыгылган Текебаевдин жактоочулары ишти кайра башынан кароо боюнча арыз жазышты

Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпка жыгылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз ишти кайра башынан кароо боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Кечээ, 15-майда Октябрь райондук сотуна жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти башынан кароо боюнча арыз жазып тапшырдык. Биздин арыз өндүрүшкө алындыбы же жокпу маалыматым жок, бирок ал карала баштаса менин камакка алынган мүлктөрүмдү сатуу боюнча боло турган сот отуруму токтотулат", - дейт Токтакунова.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир жана жер тилкеси бар.

2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mikra
2018-05-16 22:11:18
Аттамбаевди камаш керек Текебаевди бошотуп.Ашанын канатын кесиш керек миллиондоп акча ондуруп кыянаттык менен корупсия кылды делген статия менен иш козгосо бир топ Кытайдын карызынан кутулмакбыыз.Ашанын озунда как корупсионер катары суракка алыш керек Тэцти жегенда ушул Сапар экоо табакташ болушуп.Аша президент болуп турганда милиондоп акчаны жыйды.эми кустуруш керек сотторун кошуп.
+2
Mikra
2018-05-16 22:14:33
Ашанын командасын жок кылыш керек бийликтен.Жеенбеков эгер ак иштейм десе.тазалаш керек Ашанын командсын табакташ болбой.Ошондо Кыргызстан онолот +Кытайдын карызынан кутулдурсун бапрдык СДПК партиясына салык салып ар бирине милиоондогон акчаларды ондуруш керек бул партиядан.Ашанын командасы булар.бул партияны жойуп салыш керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан