Москва-Ош каттамындагы учакты, аэропортто чиркелүүчү арабаларды сүйрөөгө ылайыкташкан трактор сүзүп алып, каттам жылдырылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ал маалыматта 15-майда "Жуковский" эл аралык аэропортунда трактор белгисиз себептер менен Кыргыз өлкөсүнүн "Авиатрафик компани" компаниясына таандык учакты сүзүп алганы, ага байланыштуу ошол күнкү каттам бир күнгө жылдырылганы айтылат.
Ошондой эле аэропорттун басма сөз кызматы учакка олуттуу зыян келбегенин, бул окуя боюнча ички текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдиришкени да жазылат.