Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады. Айтылган сунуштун негизинде жаралган SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүү керекпи?" деген соболуна экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимованын жообу төмөндөгүдөй болду.
Нургүл Акимова ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүүдөн мурда эки тараптын келишиминде аудит өткөрүү боюнча макулдашуу барбы же жокпу, ошону караш керектигин айтты. "Эл аралык аудит чоң долбоорлор боюнча жүргүзүлүшү керек. Бирок биринчи кезекте келишимдин шарттарын карап чыгыш керек, эгерде келишимде жазылган болсо, анда аудит өткөрүлсө болот. Келишимдин негизинде смета (киреше жана чыгашалардын тизмеси) түзүлөт, ошол келишимде ошондой берене барбы же жокпу, ошондон көз каранды.
Бул убакка чейин мамлекеттер ортосундагы чоң долбоорлорго биздин Эсептөө палатасы аудит жүргүзгөнүн көрө элекмин. Эл аралык келишимдерде биздин мыйзамга караганда, эки өлкөнүн ортосундагы келишим негиз болуп берет.
Ал эми эл аралык аудит “бардык стандарттар боюнча каттоо жүрдүбү же жокпу” деген гана суроого жооп берет, ал эми мамлекеттик аудит болсо пайдалуулугун карап берет. Ошондуктан бардык эле аудиттер пайдалуулугун санап берет дегенден алыс болушубуз керек”, - дейт Акимова.
Депутат Акылбек Жапаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, эксперт Расул Үмбөталиев жана ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулунун жообу бул шилтемеде.