Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады. Айтылган сунуштун негизинде жаралган SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүү керекпи?" деген соболуна Бишкек ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу төмөндөгүдөй жооп берди.
Бишкек ЖЭБдин мурдагы башчысы ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүүнүн зарылчылыгы жокко эсе экенин айтат. "Депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин алар чечет: керек десе аудит жалдайт, кереги жок десе, укук коргоо органдарына өткөрүп берет. Укук коргоо органдары бул суроону өздөрү эле чече алат деп ойлойм. Эл аралык аудит жалдасак, алар деле бааларга болгон айырманы толук чыгарып бериши мүмкүн. Лицензиясы барбы же жокпу билбейм, бирок биздин деле санап бере ала турган институттарыбыз бар, алар деле санап берет", - деди Өмүркул уулу.
Депутат Акылбек Жапаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, эксперттер Расул Үмбөталиев, Нургүл Акимованын жообу бул шилтемеде.