2 жашында кордукка кабылган Ибрагим 5ке чыкты. Бала шал оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болууда

2015-жылдын 11-январында Ибрагим аттуу 2 жаштагы наристе катуу сабалып, Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткырылган. Эс-учу жок абалда алып келинген наристе оорукананын өзүндө 2 айга чукул убакыт комада жаткан. Кайгылуу окуяны башынан өткөргөн Ибрагим учурда 5 жашта. Бирок абалы азыр да оор.

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги сейил бактардын биринен анын экинчи апасы Диана Сайимова менен жолугуштук. Сайимова Ибрагимди өзү менен кошо ала келип, азыр кандай шартта жашап жатканын, эмнеге муктаж болуп жатканын SUPER.KG'ге айтып берди. Буга чейин Ибрагимдин окуясы коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан Сайимова жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышууга каршы болуп келген болсо, бул ирет балага жардам керек болуп жаткандыктан маек курууга аргасыз экенин белгиледи. Анын айтымында, ооруканага жаткырылган учурдан тартып Ибрагим шал оорусуна чалдыгып, дарыланууга муктаж болууда. Ал үчүн 10 миң доллар керек. Буга чейин Орусияда жана Кыргыз жериндеги ооруканаларда дарыланып, бирок жакшы натыйжа болгон эмес.

"Балам токмоктолуп, ооруканага жатып калгандан бери оор абалда. Азыр шал оорусу менен жабыркайт. Баш мээси өспөй калган. Ооруканадан чыккан учурдан тартып колдорун, буттарын кыймылдатып, бир аз ойнойт. Бирок өз алдынча отура албайт. Канчалык аракет кылганы менен сүйлөй албайт. Мындан улам баланы айыктыруу үчүн 2015-жылдан бери чет өлкөдөгү реабилитациялык борборлор менен сүйлөшүп, кайсы жерден дарыласа жардам бере турганын караштырып келебиз. 2015-жылы элден чогулган акча менен бир айга жакын убакыт Орусияда дарыланып келгенбиз, бул жерден да улантканыбыз менен жакшы натыйжа берген жок. Баланын колдорун, буттарын өз алдыбызча да укалайбыз, реабилитациялык борборлорго да алып барабыз. Ал баары бир жетишсиз экен.

Азыр Словениядагы "Adeli" деген реабилитациялык борборго дарыланууга алып барууну көздөп жатабыз. Ага жалпы 10 миң доллар керек болуп жатат. Учурда толугу менен реабилитациялоо керек. Словенияда үч жума болуп, реабилитациялоодон өтөбүз. Алардын ыкмаларын үйрөнүп, бул жакка келип да улантабыз. Ошол максат менен да баратабыз. Ал борбордун шарты биздикине караганда жакшы. "Adeli" борборунда эртеден кечке кыймылды өстүрүү аракетин жасашат. Каражат чогулуп калса жай айларында жөнөп кетебиз. Кудайга шүгүр, бизде жардам берүүгө кол сунган адамдар аз эмес экен.

Жолдошум кара жумушта эмгектенип, таап келген акчасы күнүмдүк тамак-ашыбызга, баланын укалоого баруусуна гана жетет. Мен дагы жөн турбай англис тилинен даярдоолорду өткөрүп, бир аз акча тапканга аракет кылам. Балага мамлекеттен үч миң сом жөлөк пул берилет. Аны да ушул жылдын башынан ала баштадык", - деди Сайимова.

Сайимова Ибрагимдин атасы Назар Түлебековдун экинчи аялы. Ага карабай экөөнүн ортосундагы төрт жаштагы кызына кошуп аны да өз баласындай карап, түйшүгүн кошо тартып келет. Экөө Ибрагим 2 айлык болуп калган учурда таанышып, бирге түтүн булатып башташкан. Бирок ортолорунда түшүнбөстүк чыгып, бир жарым жылдан кийин ажырашууга аргасыз болушкан. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

"Мен жолдошум менен ажырашып жатканда Ибрагим 1 жаш 8 айлык болчу. Сүйлөп, басып калган эле. Ошондо "Ибрагимди мага калтыр" деп айтсам, ал "баланы өзүм карайм, байкем жардам берет" деп алып кеткен. Кийин иштеш үчүн агасына алып барып таштаган. Ал агасы менен жолдошумдун аталары бир тууган экен. Бирок ал киши аялы экөө баланы сабап салып, бала ооруканага жатып калган. Бала башынан катуу сокку жеген экен. Ошентип 5 айдан кийин жолдошум экөөбүз кайрадан жарашып, балага чогуу камкордук көрүп келебиз. Энелик укукка ээ болгом. Анткени өз апасы бала төрөлгөндө эле тарбиялоодон баш тартып энелик укугунан ажыраган. Ошол күндөн бери бир да жолу чалып баланы сурап коё элек.

Ал эми баланы сабаган Жаныбек Түлебеков менен жубайы Айзада Аккөзова күнөөлөрүн моюнуна алып, Түлебеков өмүр бою эркинен ажыратылса, жубайы 15 жылга камалган", - деди Сайимова.

Ибрагимге жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом номуру: 700 207 505 жана KICB банкындагы банктык эсеби: 1280016046839087. Алуучу Диана Сайимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Zainidin96
2018-05-17 00:21:00
Аллах кереметтуу орозо айында ибрагимге шыпаасын берсин батыраак айыгып кетсин Ибрагим учун бир дуба кылып койолу урматтуу мусулман бир туугандар
+39
Djal1987
2018-05-17 02:05:36
Огой апасы дебей эле экинчи апасы же башкача атаса болбойбу? Огой деген огологонду айтат го
+11
Pamirlan
2018-05-17 04:01:49
Ибрагимди биринчи укканда ыйладым эле. Шыпаасын берсин кудай. Апасы кызык экен кабаре албаган. Кантип тутот эхх...
+13
fantomas
2018-05-17 04:03:49
Манкурттуктун айынан талкаланган омур... Тилекке каршы мындай манкурттар кун санап осуудо Кыргызстанда...
+16
nurhan2702
2018-05-17 13:13:35
Байкуш бала майып болуптур. Ошол мээси жок, акылсыз Жаныбек Тулобековдун айынан. Эми ошол зоокурдун уйун сатып, иштетиш керек дарыланганына.
+7
ikitaidesu
2018-05-17 17:41:40
nurhan2702,точно, ошол мыкаачылардын үйүн сатып дарылоо керек. Аллахым шыпаа бере көр!!!
+4
rysik79
2018-05-18 07:03:13
Сынып талкаланган тагдырлар.. ибрагимге шыпаа.
0
admin_superstan
2018-05-18 09:40:56
Adiletia,
Этика нормаларын сактаңыз!
0
Azkoni
2018-05-19 10:45:04
Баласын таштаган аялды апасы, энеси деп айткым да келбейт.Ал ыйык созго татыктуу аял эмес.Баланын оорусуна алла шыпаа берсин!
0
Pandora
2018-05-19 15:12:16
урган адамдарда журок жок окшойт,рас кыдыптыр омур бою эркинен ажыратып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан