Биз социалдык тармакта

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталды

Ош облусунда жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө Папан суу сактагычынан жана Жазы дарыясынын жээгинен мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталды. Бул тууралууу Экология министрлигинен маалымдашты.

Мыйзам бузуу боюнча 20 миң сом административдик айып пул салынган. Мындан тышкары, Папан айыл өкмөтүнө суу сактагычты таштандылардан тазалоо жана санитардык абалын камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында катталды. Мыйзам бузууга жол берген жарандарга жалпы 40 миң сом айып пул салынып, казууга пайдаланылган техникалар дарыянын нугунан чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан