Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда ТМУнун бейформал саммити өтүшү мүмкүнбү?

Президент Садыр Жапаров 2027-жылы Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитин өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени мамлекет башчысы бүгүн, 30-октябрда, Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинде көтөргөн. Ал бейформал саммит кызматташтыкты тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого шарт түзөрүн белгилеген.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров боордош өлкөлөрдүн лидерлерин кийинки жылы октябрда Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан