Мамлекеттик Бажы кызматынын автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системине белгисиз бирөөлөр кирген. Бул тууралуу аталган мекеменин тараткан маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, Европа биримдигинен Кыргыз мамлекети аркылуу Тажикстанга кирген товарлардын документтерин базадан "экспорттолду" деп өзгөртүп коюшкан, бирок ал товарлардын өзү каякта экени жөнүндө маалымат жок.
Бул коррупциялык схеманын кесепетинен Евразия экономикалык бирикмеси 8,5 миллион сом зыянга учураган.
2017-жылдан тартып ушул кезге чейин буга окшогон 11 материал тийиштүү мекемелерге жөнөтүлүп, 6 кылмыш иши козголгон.