Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери өлкө казынасына 2 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталып, кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызмат адамдары кол алдындагылар менен мыйзамсыз келишимдерди түзгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттер 2015-жылдын июнь айынан 2018-жылдын январына чейин созулган. Аталган жерде иштеген кызматкерлер мамлекет тарабынан которулган акча каражаттарын өздөрүнө которуп алып турушкан. Мындай акча каражат үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун жардамчысына да берилген. Мындан улам казынага 930 миң сом зыян келтирилген. Ушундай эле жашыруун мыйзамсыз иш-аракеттер Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда катталып, өлкөнүн казынасына 1 миллион 515 миң сом зыян келтиргени аныкталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш козголуп, иш толугу менен иликтөөгө алуу үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2018-05-17 12:28:13
Токмоктун ооруканасындагы коррупцияны дагы текшеришсе жакшы болмок.(Эмгек оргуусуно чыккандагы эмгек акы,тороттон кийинки ала турган декреттик эмгек акы тууралуу)
+1
madina.87
2018-05-18 03:14:52
Жалалабат шаарынын уйбулоолук дарыгерлер борборун да текшерсенер опол тоодой былык чыгат.Жыл сайын кварталга деп медиктердин эсебине акча которуп кайра кол менен жыйнап алышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан