Аида Салянованын ордуна келген Гүлнара-Клара Самат парламентте ант берди

Гүлнара-Клара Самат депутаттык мандат алып, парламентте бүгүн, 17-майда ант берди.

Гүлнара-Клара Самат "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын ордуна келди.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

Бүгүнкү күндө Жогорку Сотто Аида Салянованын иши каралууда. Кийинки соттук иш 22-майда уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
shankol88
2018-05-17 10:10:31
(Гүлнара -Клара Самат) ысымы өзгөчөгоо
Корейиский гоо Кми Чен Ын дегендей.
+3
KRIMINAL
2018-05-17 10:25:01
Бул катын кыйратпайт! Небересин багып үйүндө эле олтурбайбы дейм да!
+7
Dalil
2018-05-17 10:25:31
Парламентке эл үчүн иштейм деген жана билимдүү жаштар келсе жакшы болмок, чөнтөгүндө акчасы барлар эмес. Партия боюнча келсе эл каалаган эмес партия каалаган киши келет. Алар ич ара кандай сүйлөшөт өздөрүнө жана бир кудайга маалым. Чөнтөктөгү акчасы менен келген депутат сессияга толук келбей келсе да артта унчукпай отура берет. Сүйлөгөнү да ойду тоону сүйлөп уялып жүрө беришет. Мындай саясат менен өнүгүшүбүзгө анчейин ишене бербейм
+3
Azamat_15
2018-05-17 10:26:34
Ошондо Гулнарова Самат Кларовнабы?обу жок
+3
k.anara
2018-05-17 10:37:51
Менин оюмча озунун аты Гулнара.Кийин кызы улуу болгондуктан Гулнара-Клара кылайын десе Самат деген уулу апасына таарынган.Анан эмне кылаарын билбей калган жон эле Гулнара эже кийин Гулнара-Клара-Самат болуп алган
+2
nazi25
2018-05-17 11:07:22
Апасынын аты Клара,атасы Самат окшойт да )))
+2
bermet104
2018-05-17 11:26:30
Гүлнара-Клара өзүнүн аты, Самат фамилиясы. Мурун Клара Кабилова болчу, кийин ушинтип өзгөртүп алган
+1
novayariga
2018-05-17 11:48:41
Аты алып качат го
0
Aitun
2018-05-17 14:19:55
Бунун аты эле озгочого омур баяны жок бекен эмне менен алек болгон илгериии при илгери денендей
+1
futboler
2018-05-17 14:36:40
Матчество го
+1
surgeon777
2018-05-18 01:17:26
Малика-Дина..Гульнара-Клара....Бейшекан-Софиялар кобойот экен да эми КРда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан