Тоо-кен тармагынын учурдагы абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Тоо-кендерин өнүктүрүүдөгү жагдайлар" аталышындагы маалымат жыйында Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев айтты.
Анын айтуусуна караганда, Тоо-кен тармагы эл үчүн иштеш керек.
"Тоо-кен - Кыргыз жергесинин байлыгы. Бирок эгемендүүлүктү алгандан бери бул тармак каралбай келе жатат. Тоо-кен тармагынын учурдагы абалы оор. Биз бул тууралуу 1996-жылдан бери айтып келе жатабыз. Тоо-кен тармагын чет элдик сабатсыз, Кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлобогон адамдарга башкартып койгон. Өлкөдөгү адистердин сунушун укпай, оор акыбалга алып келишти", - дейт Дүйшеев.