Президент эмнеге райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү керектигин түшүндүрдү

Райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу зарыл. Мындай сунушту президент Соооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Анын билдиришинче, сот адилеттигине жетүү үчүн сотторго эмес, жөнөкөй жарандарга шарт түзүп берүү керек.

"Райондор аралык соттор, тилекке каршы, облус борборлорунда жайгашкан. Алыскы райондордогу жарандар өз укуктарын коргош үчүн облус борборуна келүүгө аргасыз болот. Көп чыгымга учурушат. Алар сот органы алыс жайгашканы үчүн чыгымга учурабашы керек. Мисалы, коңшулаш жайгашкан жер участогун талашкан эки адам Балыкчы шаарында болсо, аны чечүү үчүн Каракол шаарына барууларына туура келет. Эки шаардын аралыгы 200 чакырым. Мындай талаштарды жеринде чечүү үчүн райондук соттордун судьялары жетиштүү билимге жана квалификацияга ээ болушу керек.

Ошондуктан райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүүнү сунуштайм. Бул дароо эле ишке ашпайт, убакыт керек. Бирок тездетүү зарыл", - деди өлкө башчы.

Учурда республика боюнча 8 райондор аралык соттор болсо, алардын штатында 27 сот эмгектенери белгилүү болду.

Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан