18-майды дүйнө коомчулугу Музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.
Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселе Советтер Союзунда да көтөрүлүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган.
Ал эми Кыргыз жергесинде бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу белгиленип, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш-чаралар жасалып келет.
Майрам күнү дүйнө боюнча музейлер каалоочулардын баарына эшиктерин ачышат, жаңы экспозицияларды даярдап, лекцияларды, экскурсияларды өткөрүшөт. Акыркы жылдары борбор калаабыз Бишкекте "Музейдеги түн" фестивалын өткөрүү салтка айланып бараткандай. Аталган иш-чара быйыл дагы 18-майдан 20-майга чейин өлкөнүн бардык аймактарында орун алат.
18-майдын жылнаамасы.