Өлкө аймагында 18-майдан 21-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
"Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.