Өлкөдөгү 1 миң 354 энеге "Баатыр эне" ордени ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Анда белгиленгендей, мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, алты баланы төрөп, өстүрүп, толук кандуу тарбия берген 454 энеге "Эне даңкы" медалы берилет.
2017-жылы Энелер күнүн белгилөө алдында 7 жана андан көп балалуу 1618 эне "Баатыр эне" ордени менен, 6 балалуу 551 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.
Айта кетсек, өлкөдө 7 же андан көп балдары бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алышат. 7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алышпайт. Балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине (соттуулук) ылайык соттуулугу жоюлган болсо, анда ал эне "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алат.