Өзгөндө 14 жаштагы кыз бир айдан бери изделүүдө

Ош шаарынын Өзгөн районунан 14 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мурат кызы Таңсулуу 19-апрелде саат 07:30 чамасында үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Кийген кийимдери: ак көйнөк, ала-була түстөгү жемпир, кара юбка, ак колготка, бутуна ак түстөгү бут кийим.

Бою болжол менен 155-160 сантиметр, чачы кара-күрөң далысына чейин түшүп турат. Көзү көгүш, сол көзүндө калы бар.

Эгер Таңсулуу тууралуу маалыматтарды билсеңизер Ош ОИИБи төмөндөгү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.: (03233) 5-06-36, 0778-35-45-45, 0550-03-00-33, 0779-96-46-94.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан