Сооронбай Жээнбеков: "Сот реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот"

Сот деген - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийиринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек. Мындай сөзүн президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда анын төрагалыгында өткөн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты.

Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.

Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди өкмөт жана Жогорку Сот эске алышы керектигин айтып, өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.

“Сот системин өзгөртүү – коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп белгиледи өлкө башчы.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык кийинки жумада сот реформасы боюнча ишти тездетүү максатында жарлыкка кол коюлат.

Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kojo1995
2018-05-18 09:04:29
Молодец, Текебаевтин доказательство жок камалганын кайра карап койбойсуңбу. Адилеттүү болсоң! Дачи-Су боюнча иликтөөнү жүргүзбөйсүңбү
+4
Bazake
2018-05-18 09:47:13
Kojo1995,Кандай тартиби, тарбиясы жок немесин. Кыйын болом деп иитигинди далилдепсин. Президент ким болбосун аны сыйлаганды уйрон. Ошондо ососсун. Текебаев Дача-Су маселесин тиешелуу органдар карайт. Президенттин ага укугу жок экенин билбесен билип ал.
+1
Luna15
2018-05-18 09:54:15
Президентибизден акыйкаттыкты,адилеттуулукту,онугууну кутобуз,элибизда сабырдуу болуп иштеп аткан адамга Бут тозбой колдошубуз керек
+7
Janna07
2018-05-18 10:07:48
Эми президентке жарыдык окшойт
+7
Pamirlan
2018-05-18 10:13:23
Рахмат козумон жаш тегеренди. Бир Айдан бери экспертизасы бутпойт. Сотко каттай берип жададым. Президентке кантип байланышсам болот. Тергоочу жабырлануучу тарап болбой,акча Берген тарап болтат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан