Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракциялары жыйындарын өткөрөт.
"Өнүгүү-Прогресс" 2018-жылды "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышы жөнүндө маалымат угат. Баяндама менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаров чыгып депутаттардын суроолоруна жооп бермекчи.
"Республика-Ата Журт" фракциясы айыл чарбанын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү программасы менен таанышат. Жыйында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат берет. Мындан тышкары "Республика-Ата Журт" гранттык каражаттар боюнча эл аралык уюмдар менен түзүлгөн макулдашуу-каттарды ратификациялоо долбоорун талкуулайт.
"Кыргызстан" фракциясы дагы гранттык каражаттар боюнча маселени талкуулайт. Ошондой эле фракция Республикалык кан борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угат.