18-майдан 20-майга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 18-майдан тартып өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
"Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көлдө жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет", - деп жазылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа каттамдарын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин үзгүлтүккө учуратат. Ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатат.