Өкмөт: "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 3 жылда миңдей долбоорго акча бөлгөн"

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 3 жылда миңге чукул долбоорду каржылаган. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Маалыматка караганда, аталган фонд 3 жылдан бери долбоорлорду каржылык жактан колдоп келет. "Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду аймактардагы ишкерликти колдоо максатында бир топ багыттар боюнча 276 миллион долларга 944 долбоорду каржылаган", - деди Разаков.

"Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев аталган фонд 2014-жылы түзүлгөнү менен каржылоо иштерин 2015-жылдан тарта баштаганын баса белгиледи.

Учурда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы аймактарды өнүктүрүү жылына карата аткарылып жаткан иштер боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан