SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Окуу жылы 10-сентябрдан башталат дегенге кандай карайсыз?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Окуу жылы 10-сентябрдан башталат дегенге кандай карайсыз? Канча жылдап келе жаткан окуу тартиби өзгөрсө жаман болот го!? 1-сентябрь деп баарынын мээсине сиңип калса керек... Пайдасын көрбөй элемин, кыскасы", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "1-сентябрь, апакемдин ойготуп "кошунанын баласы кетип калбасын эртерээк сен дагы кошулуп кетип кал" деген үнү. Тамактан эч нерсе деле өтпөйт ал күнү.
Ооба, апакем айлыгын топтоп алып берген, башкалардыкына караганда кымбатыраак кийимди кийгенге шашам. Жаңы кийимдин жытынын коштоосунда мектепке барасың. Ал кийим өмүр бою таза жүргөнсүп ошо күнү кийимиңди кир кылгың келбей этияттап басасың. Колума апакем акча берип өзүнүн шарттарын коё баштайт...
Адаттагыдай баарына кошулуп тизилесиң, анан ал жерде жөн турбай бири-бириңди түрткүлөп, чукулап баштайсың. Бул нерселердин баары биздин каныбызга сиңип калган, 1-сентябрдын таасири. Азыр мен студентмин, мага демектен 20-октябрга жылдырсын айырмасы жок.
Бирок 1-сентябрымды 10-сентябрга алмаштырмак эмесмин!"
- "Жеке мен үчүн деле баары бир, бирок келечекте балдар окуйт, ошол себептүү жеке пикирим: Башка нерсени өзгөртүп, өнүктүрүп алгылачы! Окуу жылынын башталышын өзгөртсө эле коом өнүгүп кетеби? Же билимдин сапаты жогорулайбы?
Кыскасы, мен да кошулбайт элем бул пикирге".
- "10-сентябрга калтыруунун пайдасы деле жок. Биздин аң-сезимибизге 1-сентябрь сиңип калгандыктан, бул чечимге анчейин кошула бербейм. Баары бир 1-сентябрда өзгөчө сезимдер болот да..."
- "Азыр октябрдан окуу башталса деле сентябрь деп айтып кете беребиз. Илгери ата-энелерибиз окуп жүргөндө 10 жылдык болуп, азыр 11-классты бүтсөң да "10ду бүттү деп" айтышат. Чоң ата, чоң энелерибиз Бишкекти дагы деле Пишпек дегендей эле. 10-сентябрга жайлоодон малчылар да түшүп калат дегенине караганда, демилгени көтөрүп чыккан депутат, депутат болгонго чейин жайлоодо мал баккан окшойт ээ?"
- "Эмне пайда, 10 күн кечиктирип, "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей эле кеп."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.