Өзбекстандын малчылары быйыл малын Алай районунун жайыттарына алып чыгышат. Бул үчүн Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын Фергана шаарындагы жолугушуусунда макулдашууга кол коюлган. Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын 18-майдагы жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев Өзбекстан мал-жандыгын учурда Кыргыз мамлекетинин аймагында жайып жатканын айтып, ал үчүн канча каражат төлөй турганына кызыкты.
Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өзбекстан жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ар бир малдын башына каражат төлөй турганын айтып, толук маалыматты Жайыт департаменти бере турганын белгиледи. Бирок Жайыт департаментинин жетекчиси төлөм ар бир малдын башына төлөнбөй турганына токтолду. "Азырынча Өзбекстандын малчылары малын Кыргыз мамлекетинин аймагына алып өтө элек. Мурдагы макулдашууга ылайык, бир гектар жерге 12,15 доллар төлөөнү сунуштаганбыз. Бирок сунушка жооп ала элекпиз", - деди департамент жетекчиси.
Жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жайыт боюнча өкмөт башчыларынын деңгээлинде макулдашуу болгонун эскертип, депутаттарга такталган маалымат бериле турганын айтты.
Жыйында Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү программасы талкууланып жатат.