Республикада 1071 калктуу пункт айыл статусун ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев билдирди.
Анын айтымында, айыл статусун алуу үчүн 20-50 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталат. "Республикада 1850 айыл бар. Анын 1071и расмий "айыл" статусун ала элек. Буга чейин 49 айылга статус берүү боюнча арыз келип түшкөн. Анын 31и статус алуу алдында турат", - деди Салиев.
Депутат Зиядин Жамалдинов аймактарды өнүктүрүү жылына карата бардык айылдарга расмий статус берүүнү сунуштады.
Салиев ага жооп берип жатып: "Расмий статус алууга айылдарда акча жок. Статус алууга 20-50 миң сомго чейин каражат кетет. Бул каражат республикалык бюджеттен эмес жергиликтүү бюджеттен сарпталышы зарыл. Ал жакта каражат жок болуп жатат", - деп билдирди.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков статус берүү маселесин карап чыгууга сөз берди.
Учурда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы аймактарды өнүктүрүү жылына карата жасалып жаткан иштер боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угууда.