SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен койчуман балага тийбейм" дейт..?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Мен койчуман балага тийбейм", - дейт... А чыныгы жашоодочу?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Тема сонун го! Мен тийип жатканда күйөөмдү койчуман экенин айтышкан эмес. Эми койлору бар, кой багат. "Орусияга барып-келип жүрөсүңөр" дешкен. Койчумандар кайра бай болот, тие бергиле. Азыр күйөөм бир кайним менен элдин коюн багат. Акчасы жакшы эле экен. Эт үзүлбөйт. Койчуман болсо эмне болуптур? Кудай кимге насип кылса, ошого тиет да. Кой баккан деле жакшы, керек убакта сата калып акчасын зарыл нерсеге иштетесиң. Эми жолдошума айтып жатам, 5-6 кочкор алып берсең өзүм үйдө 2 бала менен багам деп".
- "Койчуман адам эмеспи эмне? Бешенеңерге кимди жазса ошого турмушка чыгасыңар, койчуманбы, наркоманбы, алкашпы, ал жагы бешенеңерден".
- "Э-ээй, кыздар, кой багабы, жип машина айдап, Ак Үйдө отуруп эл багабы, адамгерчилиги, адеби, үй-бүлөгө болгон камкордугу биринчи орунда эмеспи..? Эгер ушул сапаттар болсо кыздар артка кылчактап, куру намыстык кылып качпастан, тие бергиле".
- "Тийбесе тийбейт да. Ар кимдин өз иши, азыр бирөөгө бир нерсе деп айтууга да болбой калган".
- "Койчумандын койчуман болгону жаман эмес. Айымдар турмушка чыккан соң коколой башы менен жүрө бербейт, эгиздеп-сегиздеп төрөгүсү келет, төрөйт. Бул инстинкт. Аял бала төрөп эне болгусу келет. А төрөгөн аял убактылуу жолдошунан көз каранды болот. Мурда ишке жарамдуу, жардам берип жүргөн бир гана келинчегин баккан койчуман, эми балдарын кошо багуусу абзел. Аял үчүн балдарынын өсүү шарты маанилүү. Бул бир.
Экинчиден, мейли койчуман болсун, бирок алга умтулган, аракетчил койчуман болсун. Байлыгың жокпу, арданба. Келечекти ойлогон болсун. Көп айымды ушул нерсе кооптонтот. Алга умтулбаган, базарда баалар өсүп жатканына карабай мурда-кийин кандай иштесе, ошол нормасынан чыкпаган эркек менен жашоодо эң алгач үй-бүлөнүн кичинекей мүчөлөрү кыйналат..."
- "А чыныгы жашоодо, нак ошол "койчуман" балага тийип калышы мүмкүн. Анткени бул чыныгы жашоонун эртеңин эч ким билбейт. Айта берет".
- "Илгертен бери эле адам баласы байлыкка, беделге кызыгып келген. Азыр деле ошондой. Бул нерсе эч качан жок болбойт, бул да болсо адамзаттын жашоо үчүн күрөшү. Мисалы, эркектер, силер карындашыңарды же эжеңерди койчуманга берет белеңер?"
- "Анан эмне десин? Ким эле чоңоюп койчуга тием десин? Баары бай жашоону каалайт да. Жүрөсүңбү анан "Балтек" деп тоодо итти чакырып".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.