5 күн мурун, 13-майда Лейлек районунда сел жүрүп, дамбалар, унаа жолдор бузулуп, айрым үйлөрдүн ичине суу кирген. Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Таабалды Тиллаев биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылып, кырсыктын кесепеттерин жоюуну жана алдын алуу иштерин тез арада жүргүзүүнү өтүндү.
Депутаттын айтымында, райондогу мектеп, бала бакча жана ооруканалар коркунучта турат.
"Сел жүргөн аймак менен таанышып келдим. Райондо "Кулунду" деген чоң канал бар. Жамгыр катуу жааган күнү каналдын 56 жеринен сел жүрдү. Бул канал 30 миң калкы бар аймакты суу менен камсыз кылып келет. Андан сырткары көп айылдарда дамбаларды суу жууп кетти. Мындан улам стратегиялык объектилер коркунучта турат. Дагы бир сел жүрсө көпүрөлөрдү да агызып кетиши мүмкүн", - деди Тиллаев.
"Андан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде 21 чакырымга жеткен канал бар экен. Ал канал беш гектар жерди суу менен камсыздап турат. Ошол канал кечээ жарылып, 8,5 гектар жерди ээлеген дыйкандардын эгинин агызып кетти. Ал жер Тажикстан менен чектешкен жер. Эл бир гана дыйканчылык менен күн көрөт. Эгерде башка жакка көчүп кетишпесе коркунуч пайда болот", - деп кошумчалады депутат.