Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан жашы жете элек 3 баланын качып кеткенине байланыштуу тийиштүү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
"Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалган, учурда улантылып жатат. Токмок шаарынын ШИИБинин жетекчиси, анын орун басарлары жана Чүй ОИИББинин жетекчилери да тиешелүү түрдө жазаланды. Айрымдарына сөгүш жарыяланса, айрымдарына катуу эскертүү берилди. Жадакалса ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерине да чара көрүлдү. Негизинен бул окуя боюнча өтө көп кызматкерлер жазаланды", - деди Курсан Асанов.