"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Түркияда мекендештер Кыргыз кызын "эркиндикке" алып чыгышты" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Аталган видео социалдык тармактарга тарап, "Түркияда жаман адамдардын колуна түшүп калган мекендеш кызды бир топ Кыргыз жигиттери куткарып кетишти", - деген билдирүү жазылган.
Видеодон батирге барган жигиттерди башка кыз оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканын да көрүүгө болот. Видео интернет тармактарында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк колдонуучулар "Орусияда патриотпуз деген жигиттер да ушундай болсо", - деген пикирлерин калтырышкан.
Дагы башка колдонуучулар "куткарган" жигиттерге алкыш айтып, Кыргыздын чыныгы жигити деп алкап жатышат. Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.