Бүгүн Бишкекте "Музейлер түнү" акциясы башталат

Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында "Музейлер түнү" аттуу маданий акция башталат. Бул тууралуу "OYOUM group" чыгармачыл тобунун өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш чара кечки саат 18:00дө башталып, түнкү саат он экиге чейин уланат. Ар бир маданий жайда ар башка программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар тартууланат.

Иш чаранын алкагында шаар тургундарына жана конокторго өз эшигин ача турган жайлардын тизмеси:

  • Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
  • Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры;
  • "Туңгуч" жаштар театры;
  • Михаил Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй-музейи;
  • Ольга Мануйлова атындагы мемориалдык үй-музейи;
  • Семён Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейи;
  • Сүймөнкул Чокморовдун кол өнөрчүлүк музейи;
  • Ачык асман алдындагы "Эмен багы" сүрөт музейи;
  • Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы тасма үйү;
  • Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн "Эмен багы" паркындагы көрсөтмө залы;
  • "Asanbay" заманбап өнөр галереясы;
  • 705 чыгармачыл тобу;
  • "Loft" цехи;

Аталган иш-чара 20-май күнү алгачкы ирет өлкөнүн башка аймактарында да өтөрүн уюштуруучулар кошумчалады.

Өлкөнүн башка аймактарында "Музейлер түнү" акциясы өтчү жерлер:

  • Ош шаары, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;
  • Талас шаарындагы "Манас-Ордо" улуттук комплекси;
  • Баткен облустук драма театры;
  • Жалал-Абад шаарындагы "Билимкана" галереясы;
  • Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы "Shygaev museum" заманбап искусство музейи;
  • Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борбору;
  • Нарын шаарындагы тарыхый-этнографиялык музей.

Айта кетсек, аталган иш-чараны “OYOUM group” чыгармачыл тобу Маданият жана туризим министрлиги менен биргеликте бешинчи ирет өткөрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema94
2018-05-21 08:13:57
Мамлекеттик музейдечи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан