ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө жер семирткичтердин баасы кымбаттап кетти, көзөмөл болбосо дыйкандарга оор" дейт окурман

Өзгөн районунда жер семирткичтер кымбаттап кетти. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди. Анын айтымында, быйыл аталган аймакта жер семирткичтер өткөн жылга салыштырмалуу 4-6 сомго кымбат сатылууда.

"Буга чейин айыл чарба министри быйыл жер семирткичтердин баасы 20 сомдон ашпайт деп айткан эле. Бирок өткөн жылы 18 сомдон алган азоттук натрий (селитра) жер семирткичин быйыл 22 сомдон алып жатабыз, дүңүнөн, мүшөктөп алсаң 20 сомдон берилет. Аммофос болсо 24 сомго көтөрүлдү. Мен мисалы, 50 сотых шалыга 700-800 килограмм жер семирткич чачам. Буга канча деген акча кетет. Ал эми буудай, арпа, жашылчалар андан чоң жер аянттарына эгилет. Эмне себептен баанын кымбаттап жатканын түшүндүргөн жан жок же монополия болуп жатабы, билбейбиз. Бааны көзөмөлгө албаса дыйкандарга кыйын болот", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mikra
2018-05-18 18:09:10
Админ ушул маселе боюнча жооп алып бересиздер деген умуттомун.Тигил жееп жутарлар азыр калп эле баатыр болушуп Тэцти суйлоп ошол менен алек болушуда дыйкандарга кыйын эле болуп атат.же дагы чп чыкмайын карашпайт бекен.даяр шылто табылды байкуш 120 койго
+2
munar1980
2018-05-18 21:09:52
Жообун кутобуз Супер инфо толук маалымат алып бергилечи канча сомдон ашпаш керек экенин
+1
muhsina
2018-05-18 21:21:52
Супер инфо биз да кутуудобуз жообун.Кызыл-кыя базары боюнча да сураштыргылачы
+1
Sezim.A
2018-05-18 21:22:09
Супер инфо ушул тема боюнча териштирип себебин билип бериниздерчи элге кыйын болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан