БУУ: "Газа тилкесиндеги Израиль аскерлеринин аракетинен 87 палестиналык каза болуп, 12 миңден ашууну жаракат алган"

Газа тилкесиндеги Израиль аскерлеринин аракетинен 87 палестиналык каза болуп, 12 миңден ашууну жаракат алган. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Хусейн айткан.

"30-мартта нааразычылык акциясы башталгандан тарта Израиль аскерлеринин аракетинен 87 палестиналык каза болгон, алардын 12си балдар. Мындан сырткары 29 адам башка жагдайларда өлтүрүлгөн. 12 миңден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алса, алардан 3 миң 500 адам куралдардан жаракат алган", - деп ал БУУнун Газа тилкеси тууралуу атайын жыйында сүйлөп жатып айткан.

Ошондой эле Зейд Раад Хусейн бул окуя 2014-жылы палестин калкына көрсөткөн зордук-зомбулуктан кийинки курман болгондордун саны боюнча эң ири окуя болгонун белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kosmos2013
2018-05-18 17:53:19
Эн окунучтуусу мусульмандардын ынтымагы жок болуп ататда,бириксек эч ким тиеше алмак эмес!!!
+8
nuri1
2018-05-18 18:38:21
Мусулмандар эч бириге алышпайт. Болбосо кыргыз менен озбектер деле биригип кетпейт беле. Ар бир элдин озунун улуттук кызыкчылыктары бар. Азыр дин менен эч нерсе чечилбейт. Болгону заводтторду кобойтуп, элдин жашоосун жакшыртуу керек. Ар кимге коз каранды болбой. Мечиттерди жайнатып сала бергенден пайда жок, бары бир Европа, АКШ, Россия, Кытайга окшогон державаларга коз каранды боло беребиз.
+1
asha302
2018-05-18 23:24:52
nuri1, ошондуктан билим жана илим биринчи приоритет болушу керек башкасын коюп
0
tyrgon
2018-05-19 20:05:22
завод фабриканы ала жатасынбы оо дуйного просто чондор элдин акчасын жебесин и все
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан