ЭЛДИК ВИДЕО: "Ардагерге берилди делген пакеттин ичинде эмнелер бар?"

Медиа-порталдын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине берилген баштыктагы азык-түлүктөр" деген видео жүктөлдү.

Видеодон жүзүн көрсөтпөгөн аялдын баштыктан азык-түлүктөрдү алып чыгып, бул баштыкты берген тарапка нааразы болуп жатканын көрүүгө болот. Мындай видеону социалдык тармактын Света Байтикова аттуу колдонуучусу да жүктөп, андагы билдирүүлөрдү өзү айтып жатканын комментарий жазган колдонуучуларга жооп катары жазган.

Автор баштыктан бир куту чай, 1 килограмм макарон, 1 килограмм күрүчтү жана соңунда целлофан баштыкка салынган таттууларды алып чыккан да: "Бул азык-түлүктөрдү 15-майдан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оорукта эмгектенгендерге беришкен. Алар шаарда болгону 500дөй калышты. Өзгөчө көңүлдү мына бул таттуулар бурат, сынганбы же тиштелгенби жарым болгон печеньелер, мөөнөтү өткөн конфеттер... Муну бергендер ардагерлерди шылдыңдап жатабы? Мен муну атама көрсөтүүдөн уялдым, алар бизди аталарыбызды бага албай калды деп ойлодубу? Уят", - деп айткан ал. Бирок бул баштык кайсы мекемеден келгенин ачык айткан эмес.

Видеого көптөгөн билдирүүлөр келип түшкөн. Айрым колдонуучулар: "Азыкты кесир кылган болбойт, кандай берсе да ардагерлердин эрдигине ыраазы болуп, чын көңүлүнөн берсе болду, бардык эле тургундар ушундай азыктарды сатып алып жейт, жаман деген болбойт", - деген ойлорун жазган.

Арасында Байтикованын пикирин колдоп: "Ардагерлерге мындай мамиле жасоо - шылдыңдоого барабар" дегендер да көп. Бирок колдонуучулардын басымдуу бөлүгү видеонун авторуна баштыкты берген тарапты ачык айтышы керек экенин билдиришкен. Мындай билдирүүлөргө автор Бишкек шаарындагы Ленин райондук акимчилигинен келгенин жооп катары калтырган.

Өз учурунда Бишкек шаардык мэриясы бул баштыкты мэрия да, Ленин райондук акимчилиги да бербегенин жарыялады.

"Бул видеонун Бишкектеги 4 районго тең тиешеси жок. Ал эми Ленин райондук акимчилиги ардагерлерге белекти кутуга даярдалган түрдө берген. Ар бир кутуну даярдоого 1 миң 980 сомдон бөлүнүп, ага 2 куту чай, жемиш ширеси, шампан, килограмм шоколад конфети, печенье жана түрдүү жемиштер салынган", - деди.

Ал эми Байтикова мындай кутуну алар да алгандыгын айтып, бул баштык андан кийин Ленин райондук акимиатындагы Ардагерлер кеңеши тарабынан түзүлгөн тизменин негизинде келгенин билдирип, бардык колдор коюлган кагазы да бар экенин кошумчалады. Ошол эле учурда Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы видеонун авторунан баштыкты алып келип бергендердин дарегин конкреттүү атоосун талап кылып, ошонун негизинде тиешелүү териштирүүлөр жүрө тургандыгын билдирди.

Ал эми колдонуучулар: "Балким, бул окуучулардын чын көңүлдөн берген белеги чыгар. Автор, видеону жарыялап туура эмес кылгансың", - деген пикирлерин улантышууда.

Ардагерге берилген пакеттин ичинде эмнелер бар?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Azat.97
2018-05-18 18:43:10
Уят!Негизи туура эмес мындай мамилебиз.Бизди кечириниздер сыйлай албай атабыз
+13
Asyl10
2018-05-18 18:58:56
Ар бир кутуга 1980 сом болунгон болсо деле, кутудагы нерселер 1000 сомго жетпеген эле майда-чуйдо, арзан сок, арзан печенье-конфеттер,эсептеп келгенде 750-800 сом ашып кетсе, ошондон да ооноп калышкан окшойт.
+16
surgeon777
2018-05-19 15:01:01
Asyl10,ал башка 1980сомдук,автор деле айтып жатпайбы аны алганбыз деп,андан кийин бул баштык келген турбайбы,окурмандар жазгандай балким окуучулар даярдаган чыгаар же ыктыярчылар(волонтёрлор) кимберсе да чын конулунон берди да,печенье деген нерсе сынат,ошончо баштыкты ташып баратышканда деле бири-бирине тийип сынса керек.Эгерде 1-чи баштыкты албай ушу баштыкты алышса нааразы болот элем мен дагы,бирок бул кошумча баштык экен го!
+3
bond02
2018-05-18 19:21:59
аталарыбызды болгондо да ардагерлерибизди сыйлай албасак анда биз кийинки муундан кандай сый коробуз? азыр мындай конфет печеньелер ар уйдо толуп жатат желбей, ар тойдон алып келип чогулган. ушул карыяларга болунгон акчаны да жеп коюшкан го менимче.
+8
Ma9
2018-05-18 19:47:54
акчаны жеп оздору эптеп жасап койуштуда уялсанар боло эми таан албай жатышат докмент бар кол койулган деп
+7
Kirajsjk
2018-05-18 20:26:53
uiat ele.konoko barsanda mintip alip bargandan uialasin.jok ele degende 10 minden beriw k.k ele.uiat uiat uiat
+6
BekAmir
2018-05-19 03:00:24
Мумкун ушуданда 1000 сомун бироосу жеп койду?.
+4
madina.87
2018-05-19 03:53:10
автор туура айтат мен кошулам ушул айымга.Илгертен келген улуу адамдарды эн жакшы нерселер менен сыйланган.
Ошол берген адамдар оздору жейт бекен ушул канттарды
+4
senchi
2018-05-19 08:59:41
500 ардагерден 1000 дон жегенде 500 минди уруп кеттиго чонтоко. Тыгылып калат эми ошолордун ырыскысын жегендердин тамагы.
+4
anonymous
2018-05-19 09:18:58
Кытайда миллиардер айылдагы кошуналарга үй салган видеону көрсөңөр түшүнөсүңөр адамга эч нерсе жакпайт.Автор атаң бар белек барып атат.Болбосо быйылдан кийин списогун бер мен мындай белек албайм деп.Атаң баардык эле белекке ыраазы болсо керек.Бул мектептен барган мугалимдер зордуктап чогулткан окуучулардан.Ыраазы болуп чогултпаган белекти ыраазы болуп албаптырсың ичиң өткөндүр автор
-1
moskoy
2018-05-19 12:24:56
anonymous,Акылдуу боло бербесенер .Кардыма кайгырбайм кадырыма кайгырам дегендей кеп шылдында болуп жатат итке соок ыргыткадай кылып мулжуп салып беришиптирда.
0
Bayastankyrgyz
2018-05-19 14:52:09
Биздин чоңдор аман эле болсун да
-1
bakytbek.k
2018-05-20 07:49:56
мындай кылып бергендер азыркы бийликти атайлап жамандап жатканы
0
Nuri1988Elim2010
2018-05-20 09:27:25
Ошол ардагер аталарыбыз бар,биздин жашоо жарык.Алардын эрдиги менен биз жыргал жашоодо жашап жатабыз.Мин жолу алкыш айтып сыйласакта арзыйт
+1
Sezimim...
2018-05-20 14:23:26
Кимден алганын так жазып айтып чыкпайбы?Кантип эле кимден алганын билбесин.Сыртына кимден берилгени жазылгандыр.Алибетте ардагерлерибиз кымбат, чексиз сый урматтолорго татыктуу.Бирок бойроктон шыйрак чыгарган адамдарыбыз да аз эмес.Пейилибизди ондобосок заманыбыз эч качан онолбойт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан