Мирлан Бакиров: "Соттор бирөөнүн капчыгын карабашы керек"

17-майда соттук реформага арналган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков бул ишти тездетүүгө чакырып, соттук реформаны жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров сот реформасы боюнча маселе 2010-жылдан бери эле айтылып жатканын эскертти. "Ал кезде президент тарабынан жумушчу топ түзүлүп, аракеттер башталган. 2015-жылы реформанын бири катары Конституция өзгөргөндө тартип комиссиясы конституциялык орган болуп түзүлүп, курамы бекитилген. Туура эмес чыккан чечимдерди кайра карап чыгууда алардан да үмүт чоң. Тартип комиссиясы жокко чыгарып же чара көрө алат. Саясий эрк жетишкен жок деп толук айта албайм. Аракет болуп жатты.

Президенттин "ай сайын чакырып өзүм көзөмөлгө алып турам" дегенди ишти күчөтөт. Мамиле өзгөргөнү байкалып турат. Жумушчу топтун пикирин угуп президент тараптан кандай колдоо керек болсо ачык-айкын колдойм деген ишаратты көрсөттү. Соттор көз каранды болбошу керек. Бирөөнүн капчыгын карабашы керек. Чечимди мыйзамдын негизинде кабыл алышы керек", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу, Максат Сабировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан