Алтынбек Жунус уулу соттук реформа боюнча: "Маевский акча берди" деп Текебаевди жок жерден камап коюшту"

17-майда соттук реформага арналган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков бул ишти тездетүүгө чакырып, соттук реформаны жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу буга чейин соттук реформага саясий эрк жетишип, бирок бир тараптуу болгонун айтты.

"Мисалы, тандалма жолу менен коррупцияга каршы күрөш болду. Жок жерден "Маевский акча берди" деп Өмүрбек Текебаевди камап коюшту. Себеби Текебаев ошол эле ЖЭБ боюнча, Дача-СУ боюнча маселелерди көтөрүп баштаган. Жакпаган адамдарды куугунтуктоо болгон. Соттордун баары Ак Үйдүн 7-кабатын карап калган. Кечээ да сот "саясий эрк керек, биз мыйзам чегинде иштеп беребиз" деп айтканын көрдүк. Ошондуктан мен саясий эрк биринчи кезекте керек деп ойлойм. Мыйзамдарыбыздын баары эле туура", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Дастан Бекешев, Мирлан Бакиров, Максат Сабировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан