"Бир бутумдун жоктугу алдыга койгон максаттарыма тоскоол болбойт деп ишенем" дейт жардамга муктаж Саламат Бактыбек кызы

Жаш экенине карабай сөздү орундуу сүйлөгөн Саламат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Бул кемчиликке карабастан ал жакшылыктан үмүт үзбөстөн келечекке чоң максаттарды коюп келет. Бала чагынан бир бутунан ажырап балдак менен достошкон Саламат азыркы тапта жардамга муктаж экенин айтып сөзүн баштады.

"Тирүүлөй жетим экеним өкүндүрөт"

- Жалал-Абад шаарында катардагы үй-бүлөлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келгем. Мен 8 жашка чыкканда атам бизди таштап, башка менен турмуш куруп кеткен. Мени жана 2 инимди багам деп жүрүп, апам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ошентип 2 иним менен таята-таенемдин колунда калдык. Канчалык азап тартпайлы атам бир дагы жолу кайрылып келип, абалыбызды сураган эмес. Анын башка үй-бүлөсү, балдары бар экенин билем. Апам көз жумган мезгилде тажыясына келет деп күткөнбүз, бирок келген жок. Ата-эне милдетин өз моюнуна алган таенем менен таятам өздөрү кыйналса да, бизди чоңойтуп эч нерседен кем кылбай өстүргөнгө болгон аракетин жумшашты.

"Студент кыздарды көрсөм суктанып карайм"

- 2016-жылы окууну аяктап, жалпы республикалык тесттен жогорку балл алып, Бишкек шаарындагы окуу жайлардын бирине тапшырдым. Бутума протез кийип жүргөндүктөн жакшы баса албайм, басып баратып чалынып жыгылып түшөм. Мындайда оорумду колдон, жеңилимди жерден алган иним дайыма жанымда. Окууга тапшырып келгенде да таятам инимди мага кошуп жиберди. Борбордон батир алып окуп баштагам. Бирок протезим эскиргендиктен жана акча каражаттын жетишсиздигинен окуумду таштаганга аргасыз болдум. Анын үстүнө иним да окууга тапшырган болчу. Улгайып калган таенеме да таятама да жүгүмдү артып убара кылгым келбеди. Ага карабастан азыр алар инимдин окуусун каржылашат. Көчөдө окуусуна шашып бара жаткан студент кыздарды көрсөм суктануу менен карайм. Мен дагы жогорку окуу жайды бүтүп, чоң адам болгум келет.

Үмүттүн өчпөс шооласы

- 2016-жылы кайрымдуу мекендештерибиздин жардамы менен азыркы тапта кийип жүргөн протезди алгам. 2 жыл өткөнүнө байланыштуу протез эскирип калды. Кичине аралык баскан соң эле протез чыгып кетип, так жолдун ортосунда ыйлап жерде отуруп калган күндөрүм өтө эле көп болду. Азыр протезим сынып калган, баса албайм. Батирдин акысын дагы төлөй элекпиз, күнүмдүк оокатка ар кимден карыз алып жатып карызыбыз да көбөйүп кетти. Жакындарыбызга жардам сурап кайрылайын дейм, бирок ушул убакытка чейин чоңойтуп, бакканын эстесем, жүгүмдү артып аларга көз каранды болгум келбейт. Учурда ооруканада дарыланып жатам, протезимди алмаштырганга жана батирге төлөгөнгө акча каражаты керек болуп жаткандыктан, кайрымдуу мекендештерибизден жардам сурагым келет. Мен өзүм гана ал жардамды алып тим болбостон, ага-эжелерибиздин көмөгү менен кайрымдуулук фонд ачып, жардамга муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге кол сунгум келет.

Саламаттын байланыш номери: 0703 09 80 49,
WhatsApp, Элсом: 0556 43 10 90.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Baatirbek81
2018-05-19 00:36:28
Жанагы милиондорду уурдаган чоңдорубуз ушундай мекендештерибизге бир жолудан эле каралашып койушса,биразда болсо сооп табышмак деймда.
+13
madina.87
2018-05-19 03:16:24
Урматтуу Нурлан Асел ушул кыздын окуясын окуп жаткан болсонор,силерден суранам,жардам берип коюшунарды.
Ыйык айда чексиз сооп болот
+9
Pamirlan
2018-05-19 03:29:19
Оа Нурлан Асел жардам колунарды сунуп койгула сураныч
+4
Nurmatova.
2018-05-19 09:04:18
Жардам бергинер келсе озунор бергиледа...Нурлан&Асел жардам бергиле дебей... жардам бере албасанар бекем кысып отуруп тургула....
+6
Peri93.93
2018-05-19 10:46:38
Эх ушуга окшогондорду окусам журогум тилинет.Каяктагы болбогон нерселерге акча сапыруунун оордуна ушуларга окшогон жардамга муктаждарга берсе канча суйунтмок?ал Эми буга себеп болгон адамды Аллах Таалам акыретинде суйунтмок.Ар нерсени кылууда акыл калчап Иш кылуу керек анткени жок кылып сапырган акчага жооб беруу ото кыйын.Жаратуучу Аллах Тааламдан корколу баарыбыз?баскан турганыбыз,кайрымдуулугубуз,сооп учун жумшаган акчабыз,баары баары бир кун келип башыбызга саябан болот.Акчасын кокко
+4
Peri93.93
2018-05-19 10:52:27
Сапыргандар эл козуно тушууну кааландар,силерге бир мусулмандан эскертуу болсун!эгерде окуп жатсанар Аллах ыраазылыгы учун силерге кичине болсода тушундурмо берип кетейин!Ар бир кадамына жооб бересин?1 сомду тура эмес Жака жумшап койсон ошонун азабы ото кучтуу?1 адамдан 1 ийне алсан ошонунда азабы ото кучтуу?ошонун сынарындай пайдасыз нерселерге акча жумшасан ага кантип жооб бересин?жооб бералбай 1 минутада чачын агарып кететго?анын ордуна ушундайларга жардам берейли?оорунун женил кылайлы?
+8
Peri93.93
2018-05-19 10:59:46
Бирибирибизге ушунтип жолок таяк болсок?Аллах Таалам кыяматта биздин кыйыныбызды женил кылат Инш Аллах Кудай буйруса.Ал Эми атасы ушул кунго чейин келбесе ал учун Аллахтын алдында ОЗУ жооп берет!балким уялып бараттыр.ушул кунго чейин бир кабар албаса кандай ата болду экен?1 эмес 3 баласы турса каралашып койбойбу?Балдар акыры озунун балдарыго?элдер чогулуп айтышы керек?балдарына Каралаш деп?кызы болсо минтип азап тартып журсо каралашбаган кандай ата болду экен ал?
+4
iryi1
2018-05-19 14:12:58
Жараткан Тенир ден соолук берсин. Биринчи байлык - ден соолук.
-6
arzygul.imankulova
2018-05-19 14:53:17
Кыргызстанда 6 миллион адам бар, байларга шылтап эле отура бербей, өзүбүз деле жардам бергенге күчүбүз жетет. көп түкүрсө көл болот.
+6
stal.ks
2018-05-19 17:40:09
Tranzakcija ne udalas'. Pol'zovatel' zapreshhen v kachestve platel'shhika. ID: PP180519.1738.C21375 дейтго Элсомдон акча которсок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан