Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чакан тик учактарды сатып алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрым учурдагы өзгөчө кырдаалдарда коңшу өлкөлөрдүн техникасына муктаждык жаралып келген, министрлик ушул маселени чечүү максатында 2 тик учак сатып алууну пландоодо.
"2015-жылы Чычкан капчыгайы өрттөнгөндө Казакстандын тик учактарын чакыртууга мажбур болгонбуз. Ошондуктан министрлик бул маселени чечүү үчүн 2019-жылы 2 чакан тик учак сатып алууну пландоодо. Бул эки учактын болжолдуу баасы 10 миллион долларды түзөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле мекеменин өкүлүнүн билдиришинче, учурда тик учак сатып алууга каражат булагын табуу иштери жүрүп жатат.