Бишкек шаарында ысык суу берүү бир айга токтотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ысык суу берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулат. Сууну токтотуунун себеби кышка даярдык көрүү үчүн түтүктөр ондоп-түзөөдөн өтөт. Ысык сууну өчүрүү жыл сайын аткарылып келген пландагы иштердин бири.
Бишкек шаарында ысык суу берүү былтыр 22-май күнү токтогон.