“Маркумдар үнү" чыгармасынын автору, Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов көз жумду

Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов көз жумду. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жазуучу бүгүн, 20-майда каза болгон, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Сөөгүн жерге берүү зыйнатын өткөрүү маселеси учурда чечилип жатат.

"Бардыгына кабар берилди, балдары да сыртта экен. "Ала-Арча" көрүстөнүнөн жай берилет болуш керек", - деди Нурманбетов.

Жазуучу жана драматург Көчкөн Сактанов 1942-жылдын 10-октябрында Ош облусунун Алай районундагы Кең-Жылга кыштагында туулган. "Маркумдар үнү", "Чөөлөрдүн заманы", "Адат азабы" романдарынын жана дагы башка аңгеме, повесть жыйнактарынын автору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KRIMINAL
2018-05-20 15:37:32
АЛЛАХЫМ бейишинен орун берсин орозонун күнүндө.
+5
kyrgyzstan00
2018-05-20 17:28:32
Бейиши болсун!
+4
Zainidin96
2018-05-20 19:01:02
Жайы жаннатта болсун айтышатго орозодо каза болгондор бейишке кирет деп Аллах таалам бейишинен орун берсин ИншАллах
+4
karakyz23
2018-05-20 20:01:42
"Маркумдар уну" сонун чыгарма эс аласын окусан
+4
nazel
2018-05-20 22:34:43
Кудайым бейиштен орун берсин,мыкты жазуучу,чыгармалары сонун,тажабай окуйсун.
+2
98.doni
2018-05-21 06:36:17
Жаткан жери жайлуу болсун.Маркумдар үнү жакшы чыгарма эле!!!
+1
Pchelka85
2018-05-21 10:49:25
Иий. Иманы саламат болсун!!! Мен университетте окуп жургондо ушул кишинин "Чоолордун заманы" деген чыгармасына курсовое жаздым эле. Китебин таппай анан агай аркылуу озуно жолугуп китебин алып маектешкем. Кыргыз Турка Манас университетинде ищтеп жургон ал убакта.. (((.... жакындарына кайрат айтам... арты кайрылуу болсун, агайдын....
0
Janna07
2018-05-21 16:29:19
Каяктагы Анжелике, Айперилерден интерьвю алабербей ушундай акын, жазуучуларданда интервью алсанар боло супер инфо. Ушул кишинин козу тируусундо интервью алып, маркумдар уну китеби жонундо суроолорду берсенер болот эле. Маркумдар уну китебин мен 3 жолу кайталап окуп чыккам, ушундай соонун жкзылган китеп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан