"Такси", "Перевозчик" тасмаларынын режиссёру Люк Бессон зордуктоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, режиссёрдун үстүнөн полицияга арыз менен "Такси 5" тасмасында эпизоддук роль жараткан 27 жаштагы модель, актриса Сэнд Ван Рой кайрылган. Ал арызында 17-май күнү Париж шаарындагы "Бристоль" аттуу мейманканада режиссёр Люк Бессон менен жолукканын, анда ал чайга уйку дары кошуп берип зордуктап койгонун айткан.
Ал эми айыпталуучунун жактоочусу Люк Бессон бул дооматты четке кагып, жалган жалаа деп жатканын айткан.