Жаштар китеп окуу маданиятын пропагандалоодо

Бишкекте китеп окуу маданиятын пропагандалоо жана жайылтуу максатында уюштурулган "Китеп Time" аталышындагы китеп окурмандарынын таймашы орун алды. Иш-чара Бишкектеги окуу жайлардын биринде болуп өткөнүнүн уюштуруучулар SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, китеп окуу боюнча аталган иш-чара 4 айдан бери уюштурулуп келүүдө.

"Биз ушул жылдын февраль айынан бери "Китеп Time" окурмандар таймашын өткөрүп келебиз. Май айында окурмандар акын, жазуучу Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китебин окуп, ошол китептин негизинде түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында акчалай сыйлык, китеп жана башка пайдалуу буюмдарга ээ болушту. Иш-чарага Шайлообек Дүйшеев да катышты.

Буга чейин февраль айында тарыхчы, жазуучу Арслан Койчиевдин "Бакшы жана Чыңгызхан", март айында жазуучу, коомдук ишмер, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун "Ант", "Япон кереметинин сыры" жана апрель айында жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Кел-кел" чыгармаларынан оюндар өткөрүлгөн.

Иш-чаранын максаты өлкөбүзгө китеп окуу маданиятын жайылтуу, пропагандалоо болуп саналат. Демөөрчү адамдардын көмөгү менен бул демилгебиз жыл аягына чейин уланмакчы. Негизги уюштуруучулар - активист жаштар. Жыйынтыктоочу таймашта өлкөбүздүн сыймыгы болгон жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен аяктоону пландап жатабыз. Буюрса, бул саамалык кийинки жылдары да улантылат", - деди уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2018-05-20 17:53:32
Азаматтар.Билимдүү адамдын жүзү башкача көрүнөт да,жаркын келечек силердики билимдүүлөр.
+4
Mirlan27011987
2018-05-20 19:43:41
Эн туура. Билимге умтулган адамды ар дайым колдойм. Адам учун эн чон трагедия - бул билимсиздик. Билимсиздиктин аягы карангылыка, дуйно таанымдын томондугуно жана манкуртчулука алып келет. Малга окшоп ээрчиме болуп калышат экен.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан