Жарандарды арзан интернет, сапаттуу электрондук тейлөө менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда

Жарандарды арзан интернет, сапаттуу электрондук тейлөө менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат алынууда. Анын 25 миллиону насыя, 25 миллиону гранттык каражат. Бүгүн, 21-майда буга байланышкан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясынын ортосундагы "Digital CASA" -Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде каралууда.

Долбоордун максаты - алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, маалыматтык-байланыш технологиялар тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикада санариптик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, алынган кредиттик каражатты кайтаруу 2024-жылдан тартып башталат. Ага чейин комиссиялык төлөмдөр төлөнүп турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sainazarov0555
2018-05-21 11:36:28
50 000000 $ ким толойт анан ? Бул жактагы карыз дагы артка тийейин деп калдыго !
+8
erlan2196
2018-05-21 12:15:55
Кимден карызга акча алсак, ошого коз каранды болуп жашаарыбызды унутпашыбыз керек.
+1
stal.ks
2018-05-21 12:23:17
карыз коп болуп жатканда жон эле койбоптурда, бул акча жарымы чондорго эле кетет
+4
Muratmipa
2018-05-21 13:48:53
stal.ks,жарымы кетсе жакшы еще 80 % эде кеиет ошолорго ошонун артынан акча жеп калыш керек болуп жатпайбы максаты
0
progresskg
2018-05-21 12:33:45
Бул кереги жок нерсе эле. Аныс деле жакында бекер интернет бере баштайт Гугл менен Фейсбук, же болбосо Spacex абдан арзан Интернет бере баштайт спутник аркылуу. Бул жерден да акча жеп калалы деп жатышат да биздин тойбогон уурулар.
+5
Tynystan7799
2018-05-21 12:40:10
Жеп жок кылышат
+3
sainazarov0555
2018-05-21 12:44:26
Алган 5 млн доллардын жарымы, же жарымынан кобу жеп жок болот. Биздикилер белгилуу эле :(
+3
OMURBEK.
2018-05-21 12:53:37
Эптеп эле бирдемкени шылтак кылып жеш керек экенда жеп жутарлар кекиртегине тыгылып доктурга жетбей калгырлар
+3
fantomas
2018-05-21 13:22:32
Бул бийлик кандай акмак бийлик болду?!! Кана мактаган Сокенер?!! Тышкы карыз маселеси элди кабатырга салып, учурда тышкы карыздардын канчалык максаттуу колдонулганын аныктай алышпай эстери ооп жаткан чакта, дагы карыз алуу канчалык туура?!!

Сокенин акылы болсо, тыштан карыз алууга хотя бы 1-2 жыл мораторий киргизе турбайбы, Кытайдан алынган карыздар канчалык туура пайдаланылганын же канчасы сол чонтокко кеткенин текшерип, эсептеп, куноолуулорду таап, кустуруп алганга чейин.
+1
fantomas
2018-05-21 13:25:18
Учурдагы интернет да жаман эмес. Насыя алса сотовый компаниялар алып оздору толосун. Элдин атынан карыз алганды токтотпойсунарбы?!!

50 миллион доллардын дагы 20-30 миллиону сол чонтокко кетет да, конгон адат боюнча...

Айткамын мен, Соке жарытпайт деп... Сокенин акчасына азгырылып добуш бергендерге наалат!!!
+1
MES
2018-05-21 13:53:11
3 450 000 000 сомго ото эле коп суммаго .....
же мамалекет учун аз эле суммабы?
0
fantomas
2018-05-21 14:02:58
MES, мамлекет дегенин эл. Эл кунумдук турмушуна акча таппаганы учун тентип журот талаада ..

Ал эми жогорудагы сумма жепжутарлар учун аз. Аларга канча берсен да тойбойт... Сактардын ханышасы Томирис перс шахы Кирди согушта женип, анын баш соогун кан куюлган идишке малып айткан экен: Сен кан кусодун эле, эми каалашынча ич!" деп...

Биздин жепжутарлар да козу тируусундо канча болсо да тойбойт...
0
BarsBaatyr
2018-05-21 22:21:05
Ошол 50 млн долларга кичинерээ болсо дагы завод же фабрика курсанар болмок.Азыраак болсо дагы жумуш орун тузулмок.Озун озу дагы актамак.Байланышка,жолго же копурого деп такыр карыз албашыбыз керек.Сокеден деле умут эмитен кача баштады.
0
killer5
2018-05-23 14:11:40
ТЕЦ ке окшоп жеп кыргыз элин лох кылышпайбы дагын. Же акча же интернет жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан