"Мен Ошту сүйөм" инсталляциясы буга чейин 4 жолу сынып, бир да жолу "шаар душмандары" табылган эмес. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык кызматынын маалымат катчысы Иманбек Советбек уулу билдирди.
Анын айтымында, аталган инсталляция 2016-жылы демилгелүү жаштардын уюштуруусу менен эл аралык уюмдардын каржылоосунда орнотулган. Ошондон тартып шаардык скверге көрк берип, жаштардын сүрөткө түшкөн сүйүктүү жайына айланган.
"Алгачкы жолу сынганда демилгелүү жаштар өздөрү калыбына келтирип беришкен. Кийинки жолу сындырып кетишкенде өзүбүз оңдоп жаттык, ал жерге көзөмөл камералары орнотулган эмес, ага ишканадан каражат каралган эмес. Бул шамалга сынып кете турган инсталляция эмес, атайын эле кол менен сындырып кетишет. Кээде атайлабаса да этиятсыздыктан сындырып алып качып кетишет. Ушундай учурда шаардагы тургундар сындырып алганы тууралуу тиешелүү тарапка өздөрү маалымдаганда гана шаар өнүгөт, гүлдөйт деп ойлойм. Бизде жашоочулардын айрымдарынын аң-сезими ага жетпейт", - деди маалымат катчы.
Ошондой эле бул боюнча арыз жазылып, Ош ШИИБине жөнөтүлгөнүн кошумчалады.