Сөз эркиндигин коргоо комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге башка доо арыздарынан да баш тартуусу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Адил Турдукулов бүгүн, 21-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын пикиринде, Атамбаев өзүн "акмын" деп, сөз эркиндигине башкача мамиле жасайм десе, анда башка доо-арыздарынан дагы баш тартышы керек.
"Айтсак, Дайырбек Орунбеков, Улугбек Бабакулов жана Григорий Михайловго Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп негизсиз кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынышкан. Андан сырткары Дача-СУ маселесин көтөргөн Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизге дагы 100 миллион сом доо коюлган. Дача-СУ маселесин көтөргөн Мавлян Аскарбековго дагы прокуратура тарабынан негизсиз кылмыш иши козголгон".
Ошондой эле кайрылуу жалгыз эле Атамбаевге эмес, анын тегерегиндеги адамдарга да таасирин тийгизиши керек.
Алсак, Алга Кылычев "ар-намысыма шек келтирди" деп Бегалы Наргозуев менен Мавлян Аскарбековдон 70 миллион сом өндүрүү үчүн доо арыз менен сотко кайрылган.
Эгер Атамбаев кийин дагы саясатчы катары ишмердүүлүгүн улантам десе, ал өзүнүн каталарын жоюуга аракет жасаш керек. Атамбаев бардык негизсиз доо арыздарынан баш тартарына ишеним артып турабыз", - деп билдирди Турдукулов.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Масловага, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айыпка жана экс-депутат Чолпон Жакуповага каршы доо арызын чакыртып алганы маалымдалган.