Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун айланасындагы абалга "Апрель байрагы" коомдук бирикмеси нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда болгон маалымат жыйында аталган бирикменин мурдагы мүчөсү Бактыгүл Эмилбекова айтты.
Анын айтусуна караганда, фонд түзүлгөндөн бери облустук өкүлчүлүктүн башчысы алмашкан сайын фонддун директору да алмашат.
"Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун аткара турган ишинин 95 пайызын курулуш иштери түзөт. Демек, бул багытта билими бар жетекчилер келиши керек. Буга чейинки келген директорлордун дээрлик бардыгынын ишти башкаруудагы билим деңгээлдери төмөн. Азыркы директор кесиби боюнча география мугалими, орун басарынын билими - тарых боюнча мугалим. Келген жетекчилер - аймактын өнүгүү шартын билбегендер", - дейт Эмилбекова.
Анын айтуусуна караганда, фонддун жетекчилерине каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп кылмыш иши козголгону менен башкалар сурак берип жатышат.
"Акыркы эки жылда келген облустун 2 башчылары Акибаев жана Жылкыбаевдин тааныштары - фонддун директорлору Ж.Мамбеткулов менен Р.Садыралиев. Аларга фонддун акчасын мыйзамсыз колдонгондугу үчүн кылмыш иштери козголгон. Бирок алардын ордуна жалгыз бой кемпирдин жалгыз баласы Атай Сапар уулу жана бул ишке эч тиешеси жок, техникалык жактан орун басар болуп иштеген Р.Элебесов СИЗОдо отурат", - дейт Эмилбекова.
Алар жогорку бийлик өкүлдөрүнө жана президент Сооранбай Жээнбековго кайрылып, фонддун айланасындагы иштер боюнча чара көрүүсүн өтүнүштү.
SUPER.KG порталы экинчи тарап менен байланышуу аракеттерин көрүүдө. Редакция фонддун өкүлдөрүнүн билдирүүсүн угуп, жарыялаганга даяр.