Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдирип, сот ишти кайра карап чыгуусу керектигин айтышты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна саясат таануучу Марс Сариевдин жообу төмөнкүдөй.
Анын пикиринде, Текебаевдин ишинин кайра каралашына учурдагы президент менен экс-президенттин мамилеси да себеп болушу мүмкүн.
"Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы фактылардын чыкканы айтылууда. Эгер ал акталып чыкса, бийликке упай кошулат. Ишти кайра кароодо орусиялык ишкерлер Маевский менен Модинди да жазага тартуу сунушталып жатат.
Учурда президенттин экс-президент менен мамилеси курчуп кетти. Андан сырткары чоң адамдардын үстүнөн кылмыш иштери козголууда. Коррупцияга каршы күрөш күч алды. Мына жакында эле экс-президенттин кол тийбестигин алуу сунушталды. Мындай учурда бийлик элдин колдоосуна муктаж болот. Мындан улам бийлик Текебаевди актаганга аракет кылат. Анын акталышына азыр бийлик кызыкдар", - деди саясат таануучу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Жанар Акаев, Марлен Маматалиевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.