Нышанов: "Текебаев акталса, соттук реформа багытындагы чоң кадамдардын бири болот"

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдирип, сот ишти кайра карап чыгуусу керектигин айтышты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун жообу төмөнкүдөй.

"Жаңы жагдайлар ачылганда чечимдер негизинен актала турган жагына чыгат, себеби тергөө жүргөндө кетирилген каталар болот. Текебаевдин иши боюнча карап жаткан юристтердин айтымында, кээ бир адамдар тергөө жүрүп жатканда көрсөтмөлөрүн шартка байланыштуу айта алган эмес жана бүгүн тастыктап айтканга даяр. Бул маанилүү негиз. Туура нерсе мыйзам чегинде каралыш керек. Текебаевдин иши жаңыдан каралса, ал сөзсүз бошотулат. Эгер ал мыйзам чегинде акталса, соттук реформа багытындагы чоң кадамдардын бири болот", - деди Нышанов.

Саясат таануучу Марс Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Жанар Акаев, Марлен Маматалиевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан