"Алайдын" оюнчусу Алиа Силланын Кант шаарындагы "Алга" менен болгон беттештен кийин сабалышы боюнча "Алга" клубу билдирүү таратты. Ал билдирүүдө Алиа Силланын сабалуусуна алардын күйөрмандарынын, клубдун кызматкерлеринин тиешеси жок экени айтылат.
"Алай" жана "Алганын" оюнчулары массалык түрдө мушташканы тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал жаңжал "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла менен "Алга" клубуна эч кандай тиешеси жок белгисиз адамдын айтуусунан улам келип чыккан. "Алайдын" оюнчусунун оюн учурундагы жана оюн бүткөндөн кийинки агрессивдүү аракеттеринин аягы белгисиз адамдар менен "Алайдын" оюнчуларынын ортосунда массалык мушташка алып келди.
Бул жаңжалга "Алга" клубунун оюнчулары жана кызматкерлери катышкан жок. Бул кырдаал бизди да түйшөлтүп жатат. Бизди биринчи кезекте, дайым конок команданын оюнчуларынын ден соолугу жана коопсуздугу ойлондурат. Бул оюнду өткөрөрдө Топ-Лиганын талабына ылайык, бардык шарттарды түзгөнбүз.
Биз Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын Дисциплинардык комитетинен "Алайдын" оюнчусу Алиа Силланын оюн учурундагы жана оюндан кийинки жасаган аракеттерине баа берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Анткени мындай окуялардын дагы кайталануусунун каалабайбыз.
Ошондой эле биз официалдуу билдиребиз, бул жаңжалда эч кандай аймактарга бөлүнүү көз карашы болгон жок, бизге жер-жерлерге бөлүнүү терс көрүнүш", - деп айтылат аталган билдирүүдө.